КОЖО деген эмне

КОЖО деген эмне?


КОЖО — Кесиптик Окутуунун Жергиликтүү Органы. Кыргыз тилининде бул сөз кожоюн деген сөздү дагы билдирет, анда сиздер менен бул эмне деген КОЖО экенин билсек.

Кыргызстандагы бир нече кесиптик окуу жай КОЖО деп аталган Жергиликтүү Тренинг Фонддун жардамы менен окуу курстарын уюштура баштады. КОЖО жергиликтүү калк жана ал калктын кесиптик билим берүү окуу жайы менен уюштурулган.
КОЖОнун эки негизги милдети:
1. КОЖО жергиликтүү, улуттук жана эл аралык донорлордон түшкөн фондду чогултат. Ал чогулган каражат окуучулардын кесиптик билимине кеткен операциондук чыгымдарды жабат.
2. КОЖО сөзү айтып тургандай эле, камсыздалына туруучу курстун кожоюн катары каралат. КОЖО жергиликтүү калктан жана жалпы эле өкмөт бийлигинен түшө туруучу каражаттарды чогултат жана кесиптик окуу жай тарабынан сунушталына туруучу курстун туруктуу негизде уюштурулушуна жоопту болушат.

 

КОЖОнун функциялары:
• Окуу курсунун кош-каржылоо милдеттерин аткаруу максатында каражаттарды табат;
• өз жеринде иштеп жаткан кесиптик окуу жайындагы курсттарга карата талап коюуга жана сунуштарын киргизүү үчүн жергиликтүү калкка добуштук күч берет;
• Жумушсуз жүргөн адамдарга жана айыл жаштары арасында кесиптик билим берүүнүн артыкчылыгы тууралу маалымат жайылтат;
• Тиешелүү чыгымдарды жаап берүү үчүн кесиптик окуу жайлар менен бирге макулдашууларды жүргүзөт;
• Жергиликтүү калктан, ишкер адамдардан, жергиликтүү жана улуттук спонсорлордон жана эл аралык донорлордон каражат алууга аракеттин жумшайт жана ал каражаттарды ачык-айкын жана туруктуу негизде кесиптик окуу жайга камсыздап турат;
• Коомчулукка жана түздөн-түз каражаттарын берген каржылоочуларга фонддогу каражаттын колдонулушу тууралу отчет берет жана окуу курсунун уюштурулушуна мониторинг жүргүзүп турат.

 


КОЖО эмне үчүн кесиптик окуу жайларга керек?

КОЖОнун дагы кожоюну бар. Жаштарга жана жумушсуз жүргөн адамдардарга кесиптик билим берүүнүн зарылдыгын сезген жана кесиптик билим берүүгө кызыккан калк КОЖОнун кожоюну болуп саналат.

КОЖО Коомдук Фонд катары катталган жана жергиликтүү калктын, фермерлердин жана ата-энелердин, жергиликтүү администрациянын, кесиптик окуу жайлардын жана каржылоочулардын : жеке ишкерлер, жергиликтүү жана улуттук спонсорлор, эл аралык донорлор) өкүлдөрүнүн курманын турган мүчөлөрү бар.
Натыйжада, талаптагыдай уюштурулган жана кесиптик окуу жай тарабынан камсыздалынган сапаттуу окуу курсунуна кожоюнунун да жана каржылоочу да экөөнүн кызыкчылыгы жогору болот. Мындан тышкары, каржылоочу тарап курстун чыгымдарын бир нече жылдар боюу туруктуу негизде каржылап беришин кепилдейт.


Көп тараптуу каржылоо деген эмне?

Көп тараптуу каржылоонун максаты — окуу курсунун акысы, жергиликтүү жана улуттук спонсорлор, өкмөт жана донорлор ж.б.у.с ар кыл каржылоо булактарын мобилизациялоо менен ал каражатты жергиликтүү шарттын талабына жооп берген кесиптик билим берүү окуусуна жумшайт.

Көп тараптуу каржылоо ыкмасынын кесиптик окуу жайлар тарабынан колдонуп кетүү багыттына КОЖО колдоо көрсөтөт. Көп тараптуу каржылоо механизимин ишке ашыруунун биринчи жылында эл аралык донорлор, мисалы: Хельветас, окуу курсуна жумшалуучу каражаттын оорчунду бөлүгүн каржылайт. Бирок, бул каржылоонун стабилдүүлүгүн кармап калуу үчүн бирден ашуун каржылоочу тарап болушу маанилүү. Кийинки жылдары, эл аралык донорлордун салымы акырындык менен төмөндөп, алардын ордуна жергиликтүү жана улуттук каржылоо булактарын келмекчи. өмөндөгү диаграмма менен таанышыныз)

 

 

 

КОЖО тарабынан чогултулган каражат операциондук чыгымдарды жабуу үчүн колдонулат. Мисалы алардын багыттын төмөндөгүдөй:

• Сабакта колдонулуучу материалдар ж-а адабияттар
• Практикалык сабактардын чыгымдары
• Окутуу каражаттары
• Мугалимдердин айлык-акысы
• Мугалимдердин окуусуна
• Классты кармоого ж-а жылытууга

Эмнеге КОЖОну колдошубуз керек?

Донор, спонсор, жеке ишкер же бизнесмен катары сиз ойлошунуз мүмкүн, эмне үчүн мен КОЖО фонддун жана жалпы эле кесиптик окуу жайды колдошум керек деп, демек:
Сиз донор уюмунун өкүлүсүзбү, анда сиздин уюмда төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөр пайда болот:

• Базар талабына ылайык, практикалык кесипке айыл жаштарынын ээ болушуна көмөк көрсөтөсүз
• "Билим алуу баардыга үчүн" деген Милленниум өнүктүрүү Максатына салымыңызды кошуу менен айылда жакырчылыктан чыгарууга көмөк көрсөтөсүз.
• Хельветас жана башка донорлор менен проектиңиздин айыл жаштарын окутуу максатына жетесиз.
Сиз менчик компаниянын өкүлүсүзбү? Анда
• Сиздин кызматкерлер сиздин компанияга керектүү болгон билим, шыктарга ээ болушат;
• Сиздин продуктуңар жакшырат, себеби, сиздин поставщиктериңиз мыкты сапаттагы сырьелорду камсыздай баштайт;
• Сиздин компанияңыздын аброюу менен сыймыктансаңыз болот, себеби сиз Кыргыз улутунун келечектүү жаштарына салымынызды кошуп жатасыз.

Сиз спонсор болууга даярсызбы, анда сиз толук ишенсеңиз болот

• Сиздин салым, Кыргыз айыл жаштарына ж-а Кыргыз калкынын өнүгүшүнө жумшалат.
• Коомчулук арасында сизин беделиңиз кыйла жогорулайт
• Сиз шайлоо кампаниясын өткөрүп жатасызбы, анда сиздин кампанияга элди көбүрөөк тартат.

 

 

КОЖОнун азыркы мезгилге чейинки жетишкендиктери билесизби?

Алты КОЖО уюштурулуп, фермер кесибин окутуу максатында кош-каржылоо ыкмасын ийгиликтүү ишке ашырууда.

Алты КОЖО ийгиликтүү уюшутурулду ж-а расмий негизде Коомдук Фонд катары каттодон өттү. Учурда Ыссыккөл (Ананьево, Бөкөнбаев, Каракол) жана Чуй (Кемин, Беловодск, Сокулук) кесиптик окуу жайлары менен тыгыз кызматташтыктын негизинде фондду иштетип жатышат. КОЖОну иш-чараларын башкарып аткарып кетүү максатында жергиликтүү калктын мүчөлөрүнөн турган ассамблея ар бир КОЖОнун өзүнүн жетекчилигин ж-а жетектөөчү кеңешин тандап шайлашкан.
КОЖО азыркы мезгилге чейин фермерлердин курсунунун чыгымдарына кош-каржылоо ыкмасын колдонуп келүүдө. Келечекте, фермер курсунан башка кесиптер дагы каржыланышы мүмкүн.

КОЖОну ким колдоп келет?

Азыркы мезгилге чейин төрт КОЖО кандай каржылоо булактарын таба алышты:

 Жергиликтүү каржы булактарынан 80тен ашуун ар кыл: фермерлер, жеке ишкерлер, кооперативдер, базар, дүкөндөр, депутаттар жана айыл администрация салымын кошушту.

 Сут Булак кайра иштетүү компаниясы мыкты деңгээлдүү салымын кошту

 Хельветас Швейцариялык Эл Аралык Кызматташуу Ассоцияциясы

 Глобол Трек аркылуу келген Швейцариялык туристтер


Кызыктыңарбы? Сурооңуздар барбы?
Анда эч тартынбастан биз менен байлаңышыздар





Фотогалерея

Таластагы окутуу / Тренинг в Таласе / Training in Talas

 

Биздин байланыштар

Телефон   номерлери жана  эл. адрестер  

Боконбаево:(0770)564600    bokonbaevo-kojo@mail.ru  жооптуу: Чынара Абдылашева   

Жаны жер:   (0543) 065286     innakg48@mail.ru                        жооптуу: Инна Куринная

Беловодское: (0543) 138534  viktorbastrakov@mail.ru          жооптуу: Виктор Бастраков

Талас: (03422)-52979  dilbarashirova@mail.ru                      жооптуу: Эгемберди Сыдыков

Темировка: (0775) 979258 shoola2009@mail.ru                  жооптуу: Венера Макаева