Глоссарий

Модулдар - «Билим иш менен гана көркүнө чыгат. Билим – бак, иш – анын мөмөсү». «Фермер ишкер» курсунун 3 -семестрин сүрөттөгөн бул ойдун чындыгы окуучулар үчүн модулдук бөлүмдүн негизинде белгилүү болот. Бул бөлүмдө асыл тукумдаштыруу, агрономиянын алдынкы ыкмалары, ветеринариядагы жаңы дары-дармектер, кайра иштетүүдөгү заманбап иш-чаралары окутулат.
Айылдык Кесиптик Билим Берүү проектисинин колдоосу менен кесиптик окуу жайлар жана Билим берүүчү уюмдар модулдарды жергиликтуу шарттардын талабына жараша иштеп чыгууга үйрөнүшөт. Окуу түзүмү фермерлерге ылайыкташтырылып түзүлгөн. Башкача айтканда алар теориялык билимдерди кыш айларында алышат. Ал эми март айынан баштап, ноябрь айына чейин практикага чыгып кетишет. Курстун окуучулары шакирттик практикадан өздөрү үчүн бир гана багытты тандабастан, бир нече тармактарда тажрыйба топтой алышат. Практиканын мөөнөтү аяктаган соң модулдар башталат. Мында окуучуларга тармактар боюнча тажрыйбалуу окутуучулардан терең билим алууга шарт түзүлөт. 

Фандрайзинг (англ. Fundraising) – белгилүү бир социалдык долбоорду ишке ашыруу максатында акча каражаттарын жана башка ресурстарды тартуунун жүрүшү.

Хельветас – (Швейцариялык Эл аралык Кызматташтык Асссоциациясы) 1955-жылы жеке адамдар тарабынан негизделген Швейцариялык алгачкы өкмөттүк эмес өнүктүрүү уюму. Азыркы күндө “Хельветас” 40000ден ашык мүчөсү, спонсорлору жана салым кошуучулары бар көзкарандысыз коммерциялык эмес уюм. Ал Азия, Африка жана Латын Америкасындагы 20дан ашык өлкөлөрдө жашаган жакыр калктын жашоо-тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында жигердүү иш алып барууда. Кыргызстандагы “Хельветастын” башкы максаты – жашоо шарттарын жакшыртууга жана анын туруктуулугуна багытталган өнүгүүнү камсыз кылуу максатында айыл жергесинде жашаган калктын квалификациялык жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү. Кыргызстанда 1994-жылдын ноябрында өз ишин баштаган. Бүгүнкү күндө «Хельветас» Кыргызстанда беш проектти иш жүзүнө ашырууда

STAR - Айыл жергесинде кесиптик шыктарга үйрөтүү проектиси (STAR - проекттин англис тилиндеги кыскартылган аталышы, б.а. Skills Training in rural AReas (STAR) 2008-жылга чейин Айылдык кесиптик билим берүү проекти - АКП ) айыл жергесине байланыштуу кесипчилик билим берүү системасын жаңы, базар экономикасынын шарттарына ылайыкташтырууда кыргыз өнөктөштөрүнө көмөк көрсөтүү максатында 2001-жылдын январь айынан тартып Нарын облусунда иштей баштаган. 
Бүгүнкү күндө проект бүтүрүүчүлөрдүн айыл жергесин өнүктүрүүгө багытталган жеке ишкерликти ийгиликтүү жолдо алып баруусу үчүн талап кылынган билим менен шыктарга жана мамилеге үйрөтүүнү, анын натыйжасында эмгек базарында өз ордун табуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну камсыздай тургандай, эффективдүү жана туруктуу негизде иштеп кетүүчү кесипчилик билим берүү системасын түзүүгө салым кошуу аркылуу айыл жергесинин жашоочуларынын квалификациялык шык-жөндөмдөрүн өстүрүүгө көмөктөшүп, жардам берүүдө. Проект төмөнкү эки компонентти иш жүзүнө ашырат:
• Айыл жергесинде айылчарбачылык кесиптик шыктарга үйрөтүү (А-STAR);
• Айыл жергесинде туризмди өнүктүрүү боюнча мейманкана жана ресторан бизнесине тиешелүү кесиптик шыктарга үйрөтүү (Т-STAR).

A-STAR – Айылчарбачылыкка байланышкан кесиптик шыктарга үйрөтүү (А-STAR) багытында, проект учурда 1000 ден ашуун студенттерди окутуп жаткан жана эки түрдүү багыт боюнча үч жылдык курстун жана 16 айлык курстун 500 дөн ашык бүтүрүүчүлөрүн даярдап чыгарган Нарын, Ысыккөл, Чүй жана Талас облустарындагы окутууну камсыз кылуучу өнөктөштөр менен кызматташтыкта иш алып барат, аталган кесиптик окуужайлары өздөрүнүн материалдык-техникалык базасын жана табигый ресурстарын колдонуп иштешет. Проект 16 айлык “ишкер фермер” кесиптик курсун биргелешип каржылоо механизминин негизинде операциялык чыгымдарын жабууну камсыз кылган «Кесиптик окутуунун жергиликтүү органдары (КОЖО)» коомдук фонддору аркылуу финансылык туруктуулукка жетишүүгө аракеттерди жасап жатат. Андан тышкары, окуучулар өздөрүнүн иштери боюнча бизнес пландарды түзүп, аларды жүзөгө ашыруу үчүн микро-кредиттерди алышат, ошондой эле фермердик чарбада шакирттик практиканы өтүү мезгилинде дасыккан фермерлердин практикалык тажрыйбаларын өздөштүрүшөт. 

T-STAR – Туризмди өнүктүрүү боюнча кесиптик шыктарга үйрөтүү (Т-STAR) багытында, проект мейманкана кызматкерлерин жана Ысыккөлдө сезондук жумушка тартылган жумушсуз адамдарды окутуп, даярдоо үчүн кыска мөөнөттүк курстарды сунуштоо максатын көздөп, туруктуу негизде иштеп кете турган билим берүү механизмдерин ишке киргизүүгө көмөктөшөт. Окууга катышуучуларды мүмкүн болушунча реалдуу жана практикалык негизде окутуу максатында, окуулар түздөн-түз өнөктөш мейманкана-лардын базасында өткөрүлөт. Баштапкы фазасында Швейцарияда колдонулуп, бирок азыр Кыргызстандын жергиликтүү шарттарына ылайыкташтырылган адаптация курстары камтылган. 



Фотогалерея

Демонстрация күнүндө / В день Демонстрации / Demonstration days

 

Биздин байланыштар

Телефон   номерлери жана  эл. адрестер  

Боконбаево:(0770)564600    bokonbaevo-kojo@mail.ru  жооптуу: Чынара Абдылашева   

Жаны жер:   (0543) 065286     innakg48@mail.ru                        жооптуу: Инна Куринная

Беловодское: (0543) 138534  viktorbastrakov@mail.ru          жооптуу: Виктор Бастраков

Талас: (03422)-52979  dilbarashirova@mail.ru                      жооптуу: Эгемберди Сыдыков

Темировка: (0775) 979258 shoola2009@mail.ru                  жооптуу: Венера Макаева