II семестр Фермердик практика жана Долбоордук иш

II семестр Фермердик практика жана Долбоордук иш

«Билимди алып, аны пайдаланбаган адам, жерин айдап үрөнүн сеппеген дыйканга тете» 

2-чи семестрде 36 жума жана анын 1 жумасы каникул. Программа боюнча фермердик практика жана бизнес планды иштеп чыгуу каралган. Мында студенттер берилген 8 ай бою фермердик чарбаларда бөлүнгөн адистиктер боюнча практикалык иштерин аткарышат. Жеке менчик жана жергиликтүү фермерлердин чарбаларында алган теориялык билимдерин практикалык негизде бекемдешет. Демек, сизге окууда берилген артыкчылыктын бири – узак мөөнөткө созулган практиканын болушу. Тажрыйбалуу, өз чарбачылыгын кеңири өнүктүрүүгө жетишкен устаттардын шакирти болосуз. 
Сиз бизнес план түзүп, аны ишке ашырууну каалайсызбы? Долбоордук ишиңизди аткарууда акча насыяларын алууга жетишкиңиз келеби? Студенттер үчүн берилген кредитке ээ болгуңуз келеби? Анда бул курс накта Сиз үчүн. Тагыраак айтканда, окутууда буга чейин алган теориялык билимдериңиздин негизинде өзүңүздүн Долбоордук ишиңизди түзө аласыз. Аны ишке ашырууга каражат өнөктөшүбүз майда кредит компаниясы “Компаньон” тарабынан берилет. Ал акча каражатын бизнес планыңызда көрсөтүлгөн жер иштетүү, күйүүчү, майлоочу майларды сатып алуу, өсүмдүк өстүрүү сыяктуу максаттарыңызга жумшайсыз. 



Фотогалерея

Биздин турмуш / Наши будни / Our life in photos

 

Биздин байланыштар

Телефон   номерлери жана  эл. адрестер  

Боконбаево:(0770)564600    bokonbaevo-kojo@mail.ru  жооптуу: Чынара Абдылашева   

Жаны жер:   (0543) 065286     innakg48@mail.ru                        жооптуу: Инна Куринная

Беловодское: (0543) 138534  viktorbastrakov@mail.ru          жооптуу: Виктор Бастраков

Талас: (03422)-52979  dilbarashirova@mail.ru                      жооптуу: Эгемберди Сыдыков

Темировка: (0775) 979258 shoola2009@mail.ru                  жооптуу: Венера Макаева