Глоссарий
Ассамблея – фонддун максаттарын, милдеттерин ишке ашыруу, коомчулукту КОЖОнун ишкердиги менен тааныштыруу, КОЖО жана КОЖ сунуш кылган сапаттуу курст жөнүндө маалыматтарды таратуу үчүн мүчөлөрдү чакыруу.
Аткаруучу директор – фондду башкарат жана көрсөтөт. Фондду башкаруу процессинде АД Жетектөөчү Кеңештин мыйзамдуу буйрук берүүлөрүн аткарат. АД ЖКнын талабы боюнча кароосуна кат түрүндө фонддун уставдык жана каржылык ишкердиги тууралу жана башка маалыматтарды берип турат. АДнын укуутары менен милдеттери фонддун уставында аныкталган.
Бизнес планды ишке ашыруу - 1,5 жылдык курстун 2-семестери курстун катышуучуларын жеке долбоордук иштерин иштеп чыгуусуна жана анын негизинде, бизнес план түзүп ишке ашыруусуна арналат.
Азыркы замандын суроо-талабына ылайык, ар бир баштаган иштин планын түзүп, анын максатын, жүзөгө ашыруу жолдорун толук ойлонуп иштеп чыкпаса болбойт. Айыл чарбасында мындай план, ойлонуу сөзсүз түрдө эске алынбаса, анда түшүмгө, төлгө, кайра иштеп чыккан продуктуларга жана башка иш-чараларга терс таасирин тийгизип, натыйжада, үй-бүлөлүк кирешеге зыян келтирет.
Бул семестр, жеке ишкердик ой-жүгүртүүнү арттырууга жана кылдат пландаштырууга багыт берип мышыктырат. Ал эми акчалай насыя деген эмне, кредиттин үстөктүк пайыздарын эсептөө, кокустуктарды алдын алуу жана кредиттин маңызын түшүнүү максатында иштелип чыккан бизнес пландар Компаньон Кредиттик тобу тарабынан атайын ушул семестрде окуучуларга берилген насыялар аркылуу ишке ашырылат.
Жетектөөчү Кеңеш – фонддун ишкердигин, анын башкаруу органдары менен чечимдердин кабыл алынып жана ишке ашырылышын, фонддун каражаттарын пайдаланууну, фонддун мыйзамдарынын жана уставынын сакталышын көзөмөлдөйт.
Фонддун ЖКсы өз ишкердигин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырышат.
КОЖО – бул Кесиптик Окутуунун Жергиликтүү Органы. Кыргыз тилинде бул сөз коожоюн дегенди билдирет, аты менен заты шайкеш келген коомдук фонд тууралу: КОЖО жергиликтүү калк жана ал калктын кесиптик билим берүү окуу жайларынын демилгеси менен уюштурулган. Кыргызстандагы бир нече кесиптик окуу жай КОЖО деп аталган Жергиликтүү Тренинг Фонддун жардамы менен окуу курстарын уюштура баштады.
КОЖОнун эки негизги максаттары:
1. КОЖО жергиликтүү, улуттук жана эл аралык донорлордон түшкөн фондду чогултат. Ал чогулган каражат курстун катышуучуларын кесипке даярдоодо кеткен операциондук чыгымдарды жабат.
2. КОЖО сөзү айтып тургандай эле, камсыздалына туруучу курстун кожоюну катары каралат. КОЖО жергиликтүү калктан жана жалпы эле Өкмөт бийлигинен түшө турган каражаттарды чогултат жана кесиптик окуу жайлар сапаттуу окутууну камсыздай турган расмий эмес мекемелер аркылуу туруктуу негизде уюштурат.
Көп тараптуу каржылоо – окуу курсунун акысы, жергиликтүү жана улуттук демөөрчүлөр, өкмөт жана донорлор ж.б.у.с. ар кыл каржылоо булактарын мобилизациялоо менен ал каражатты жергиликтүү шарттын талабына жооп берген кесиптик билим берүү окуусуна жумшоо.
кийинки беттер: 1